КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов: башкаларга жашоо тартуулоо динибиздеги эң чоң сооптуу иштерден

Кечээ, 30-октябрда  Кыргызстан Ислам Университетинде республикалык кан борборунун көчмө топ бөлүмү өз каалоолору менен донор болом деген студенттерден жана мугалимдерден кан алышты.
КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов кан тапшырып жаткан донорлор жана дарыгерлер менен жолугушуп, кан тапшыруу деги эле башкаларга пайдалуу иш аракеттерди аткаруу динибиздеги сооптуу амалдардан экендигин айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал эми окуу жайдын ректору, белгилүү дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов кан тапшыруу чоң сооптуу жана кайрымдуу амал экендигин, тапшырылган кандын аркасы менен бир канча адамдардын жанын сактап калууга мүмкүндүгүн баса белгиледи.

“Пайгамбарыбыз хадисинде: “Адамдардын эң жакшысы – башка адамдарга пайдасы тийгени. Ал эми амалдардын эң жакшысы – башкаларга кубаныч тартуулоо” – деген. Башкаларга жашоо тартуулоо – динибиздеги эң чоң сооптуу иштерден болуп саналат. Акыркы учурда жалпыбызды кайгыга салган унаа кырсыктары көп катталды. Ошол кырсыктарга кабылган мекендештерибиздин жанын сактап, башкаларга да жашоо тартуулоо максатында кан тапшырып жаткан мусулман бир туугандардын сооп иштерин Жараткан Алла Таала кабыл кылсын, кызмат кылып жаткан дарыгерлерден жана сооптуу иш чараны уюштуруп жаткан инсандардан Алла Таалам ыраазы болсун!” – деди ректор Абдишүкүр ажы Нарматов.