Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулло ажы Тахировдун катышуусунда элге түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Биринчи май, Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынын орто мектептериндеги окуучулардын ата-энелерине атайын чогулуш уюштурулуп, райондон барган мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте атайын жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга баш имам хатиби Абдулло ажы Тахиров, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов,  укук коргоо кызматкери ж.б. бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда адеп-ахлак, ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо туурасында лекциялар окулуп, ар кандай агымдарга кирип кетүүнүн  жана суицидге баруунун алдын алууга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Окуучулар башка агымдар менен кызматташып, туура эмес жолго барбасын десеңиздер жергиликтүү имамдар менен, мугалимдер менен тыгыз байланышып туруңуздар. Окуучунун эмне маселеси бар экенин чогуу билбей туруп аны оң жолго сала албайбыз», — деди баш имам хатиб Абдулло ажы Тахиров.