Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кара-Суу районунда дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовдун катышуусунда дин кызматкерлери менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага ИИМ өкүлү Медер Карабаев, ДИМК түштүк аймактагы адиси Акмат Оморов , Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мечит имамдары катышты.

Иш-чарда Зайырбек Эргешов Матуриди акыйдасы жана Ханафий мазхабынын негизинде салттуу диний баалуулуктарды, ата-бабаларыбыздын нарк-насилин, улукттук кийим-кечелерибиз менен демократиянын негизинде иш алып баруу зарыл экендигин баса белгилеп, диний билим берүүдө КРнын мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

Ал эми ИИМ өкүлү Медер Карабаев экстремистик жана террористик, радикализмди алдын алууда, Матуриди акыйдасынын ролу чоң экенин баса белгилеп, дин кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен бирге имамдарын жасаган иштери күндөн-күнгө өсүп баратканын баса белгиледи.