Талас шаарында жаңы мечит пайдаланууга берилет

Бүгүн, 31-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев казыяттын курамы жана Талас шаарынын баш имам хатиби Бешкемпиров Алтынбек молдо менен бирге жаңы курулуп, бүтүү алдында турган мечиттин курулушу менен жеринде таанышып чыкты.

Талас шаарынын баш имам хатиби Бешкемпиров Алтынбек молдо мечит 95% бүткөрүлгөнүн айтып, учурда мечиттин документ иштери иретке келип жаткандыгын жана мечит жеке ишкерлер тарабынан каржыланганын кошумчалады.

Облус казысы мечиттин курулуш ишине демөөрчү болгон инсандарга  ыраазычылыгын билирип, иштерине ийгилик каалап, батасын берди.