Самидин каары Атабаев: илимий ачылыштардын жаралуусуна мугалимдин таасири чоң

Мындай пикирин Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев бүгүн, 31-октябрда Өзгөн районунда болуп өткөн мектеп жетекчилеринин жыйынында билдирди. Иш-чарага Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Алишер Бакышев катышты

Иш-чарада Самидин каары Атабаев, коомдо мугалимдердин орду чоң экенин баса белгилеп, ыймандуу жаштардын көбөйүүсүндө бир гана дин кызматкерлери эле эмес, мугалимдердин салымы өзгөчө экенин кошумчалады.

«Ар тараптуу өнүүгүбүздө мугалимдер өз салымдарын кошуп келүүдө. Алсак,  экономикабыздын, технологиябыздын жана илимий ачылыштардын жаралуусунда түзүдөн-түз мугалимдин таасири чоң», -Самидин каары Атабаев.   

Жыйынтыгында облус казысы Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн жектечиси Бакышев Алишерге өзүнүн белектерин тапшырды.