Шариат боюнча талакты туура түшүнүү

Азыркы заманда мусулмандар Ислам жөнүндө өтө аз билишкендиктен, алардын арасынан динди карманып жүрүшкөндөрү да эң маанилүү маселелер жөнүндө  жеткиликтүү билишпейт. Ошондуктан, алардын арасында шарияттын көптөгөн жоболору боюнча туура эмес, ката түшүнүктөр жайылып кеткен. Мына ушундай маселелердин бири талак (шарияттагы ажырашуу) маселеси. Бүгүнкү күндө бул маселе өтө олуттуу жана көйгөйлүү  маселеге айланып олтурат. Бул макалада талак деген эмне, ал качан берилет, кантип берилет жана акыбети кандай болот, мына ушул суроолорго токтолобуз.

Алла Таала жубайларга ынтымакта жана сүйүүдө, бири-бирине жакшы мамиледе чогуу түтүн булатып жашап, мүмкүнчүлүктун болушунча үй-бүлөнү ажырашып кетүүдөн сактоого өкүм кылган. Бирок, ар дайым эле мындай  боло бербей, жашоодо ар кандай жагдайлар болуп турат эмеспи. Бардык  үй-бүлө чогуу түтүн булатып жашоонун сыноолоруна туруштук бере  албайт.  Ар дайым эле ортодо сүйүү, ынтымак бири бирин түшүнүү боло бербей, кээде жубайлардын ортосунда чогуу жашоого мүмкүн болбой калат. Мындай учурда шариятыбыз жубайларга эркекке аялына уруксатын берип, ажырашып кетүүгө жол берет. Шариятта жубайлардын ажырашуусу “талак” деп аталат.

Талак деген эмне?

Шариятта талак деген бул күйөөсүнүн тиешелүу сөздөрдү айтуу аркылуу аялы менен дароо ажырашуу (баин талак аркылуу), же болбосо келечекте ажырашуу (рожий талак аркылуу) укугу. Мындайча айтканда, эркектин аялынын дарегине  “талак” сөзүн айтуусу, ортодогу никенин бузулуусун, жубайлардын ажырашуусун билдирет. Шариятта эркек “талак” берүүчү (ажырашууга өкүм кылуучу), аял болсо “талак” алуучу (ажырашуу өкүмүн алуучу) болот.

Талак сөздөрү

Ажырашуу үчүн күйөөсү аялына ажырашуу сөздөрүн айтат: “Мен сага талак бердим”, же  “Мен сени менен ажыраштым” же “Сен ажыраштың” ж.у.с. Мына ушундай сөздөрдү айтуу менен шариятта нике бузулат жана жубайлардын ажырашуусу иш жүзүнө ашат. Мындай ажырашуу шариятта  бир талак өкүмүндө болот.

Талак качан берилет?

Талак түтүн булатып, чогуу жашоо мүмкүн болбой калган учурда гана берилиш керек. Бул кандай ар кандай себептерден келип чыгат. Мындай учурда күйөөсү да аялы да жакшылап ойлонуш керек жана биргелешип жашоо мүмкүн болбой калды деп күйөөсү да аялы да бир чечимге келишкенде, күйөөсү талак берет. Бирок, жубайлардын ортосунда жаңжал чыккан сайын, же ачуулары келгенде  эле талак берүү туура эмес жана күнөө болуп эсептелет,

 Ажырашуу үчүн “талак” сөзүн канча жолу айтуу керек?

Никени бузуу үчүн “талак” сөзүн бир жолу айтуу жетиштүү, жубайлар ажырашып кетишет, андан соң ортодо үч айыз убакыт (идда) өтүүсү менен аял күйөөсүнө чоочун болуп калат жана аялга башка күйөөгө чыгуусуна шариятта уруксат берилет.

Талактын түрлөрү

Талактын эки түрү бар: рожий талак жана баин талак. Рожий талак бул жубайлардын кайрадан кошулуусуна уруксат бериле турган талак. Жубайлар идда мөөнөтүнүн ичинде ортодо нике кыйдырбай  эле, кайрадан жашай беришсе болот,    ал эми эгерде идда мөөнөтү өтүп кетсе, жубайлардын кайрадан нике кыйып кошулуусуна уруксат берилет. Бул шариятта “ружъу” деп аталат.

Баин талак – бул кайрадан нике кыйылмайынча, жубайлардын кошулуусуна шариятта  уруксат берилбей турган талак.

Жубайлардын кайрадан кошулуусуна бир же эки талак берген учурда уруксат берилет, ал эми күйөөсү аялына үч талак бере турган болсо, жубайлар биротоло ажырашып кетишет. Үч талактан соң жубайлардын кайрадан кошулуусуна мүмкүн болбой калат. Мындай талак “муголляза талак” деп аталат.

Талак маселесиндеги ката түшүнүктөр

Бүгүнкү күндө талак маселесинде кеңири таркалган бир нече ката түшүнүктөр бар. Моралдык-адеп-ахлактык тарбиянын жетишсиздиги жана диний караңгылык талак маселесинде ката түшүнүккө алып келет.

1-суроо:

Ажырашуу үчүн сөзсүз эле үч талак берүү керекпи? Көпчүлүгү ажырашуу үчүн сөзсүз үч талак берүү керек, болбосо ажырашуу болбойт дешет.

Жооп:

Чындыгында көпчүлүк адамдар үч талак бермейинче ажырашуу иш жүзүнө ашырылбайт дешет. Бул туура эмес ката түшүнүк. Үч талак берүү жубайлардын кайрадан кошулуусун жокко чыгарат.

2-суроо::

Адамдар эгерде талак бергенде ажырашуу ниети жок болсо, анда талак түшпөйт дешет. Ушул туурабы?

Жок бул чоң жаңылышуу. Талак сөзүн айтуу үчүн эч кандай ниет талап кылынбайт . Эгерде күйөөсү аялына тамаша иретинде эле “сен талаксың” десе талак түшүп калат да, жубайлар ажырашып кетишет. Бирок, бул учурда “талак” – ажырашуу сөзү аялынын дарегине айтылган болуш керек (талак сарик).

3-суроо:

Дагы, эгерде “талак” ажырашуу ниетинде берилген болсо түшөт, эгерде андай болбосо түшпөйт деген түшүнүктөр бар. Мисалы, эгерде күйөөсү аялын коркутуу, же тамашалоо ж.у.с. ниетте айткан болсо дешет. Ушундайча берилген талак эсепке алынабы?

Жооп:

Мындай тушүнүк туура эмес жана ката. Эс-акылы жайында болуп туруп күйөөсү ажырашуу ниетинде, же ансыз деле аялынын дарегине “талак” сөзүн айта турган болсо, нике бузулуп, жубайлар ажфрашып кетишет.

4-суроо:

Көпчүлүк адамдар ажырашуу күнөө жана ажырашуу сөзүн эч кандай учурда айтпаш керек дешет. Ушул туурабы?

Жооп:

Бул да туура эмес. Ажырашуу бул албетте жакшы көрүлгөн амал эмес, бирок олуттуу себептер чыккан учурда “талак” берип ажырашуу кыйын абалдан чыгуунун бирден бир туура жолу болп эсептелиши мүмкүн. Албетте, эч кандай себепсиз талак берип ажырашуу үй-бүлөгө, жубайына зулумдук кылуу болуп эсептелет. Ажырашууда анын оң жана терс жактарын туура түшүнүү зарыл. Эң жакшысы туура чечим кабыл алуу үчүн аалымдарга кайрылуу керек.

5-суроо:

Адамдар, эгерде мас абалда талак берсе,  берилген түшпөйт дешет. Ушул туурабы?

Жооп:

Мындай түшүнүк да туура эмес. Мас абалда берилген талак түшөт.

6-суроо:

Адамдар, эгерде күйөөсү аялына ал кош бойлуу кезде талак берсе, берилген талак түшпөйт дешет. Ушул туурабы?

Жооп:

Жок андай эмес. Боюнда бар аялына берилген талак да түшөт. Кош бойлуулук берилген талакты жокко чыгара албайт.

7-суроо:

Ачуу келип турган учурда берилген талак түшөбү? Ачуу келип турган учурда берилген талак түшпөйт деген түшүнүктөр бар.

Жооп:

Ачуу келип турган абалда берилген талак да түшөт.

8-суроо:

Көп адамдар, эгерде аялы күйөөсүнүн ага берген талак сөзүн укпаса, талак түшпөйт дешет. Ушул туурабы?

Жооп:

Бул дагы туура эмес түшүнүк. Талак берилди болуп эсептелет, эгерде аялы күйөөсүнүн анын дарегине берилген “талак” сөзүн укпаса да.

9-суроо:

Азыркы учурда,  үч жолу талак сөзүн айтса, бир талактын өкүмүндө болот деген түшүнүктөр бар. Ушундай түшүнүк туурабы.

Жооп:  Үч жолу айтылган талак төрт мазхаб боюнча, анын ичинде биздин ханафий мазхабы боюнча да үч талактын өкүмүндө болуп эсептелет. Мындай учурдан соң шариятта жубайлар биротоло ажырашкан болуп эсептелет. Аялы күйөөсүнө чоочун аял  болуп эсептелет жана кайрадан чогуу жашоо үчүн, ортодо кыйылгвн нике да жараксыз болуп калат.  Бул абал Куран аяттары жана Сүннөт менен бекемделген. Бул жерде аларды келтирген жокпуз, эгерде кимдир бирөө алар менен таанышкысы келсе, КМДБнын фатва бөлүмүнө кайрылышса болот.

10-суроо:

Оозеки ажырашуу да күчүндө болобу, же сөзсүз жазуу түрүндө ажырашуу керекпи?

Жооп:

Ажырашуу оозеки да жана жазуу түрүндө да жүргүзүлөт.

Эскертүү: Бир учурда жана бир жерде берилген үч талак шарият боюнча күнөө, бирок күчүндө болот.

 

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмү.