Абдималик Турсунбеков: «Адамдын паспорту болгондой эле мечиттин да паспорту болуусу кажет»

Бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш иштери жана мечит боюнча адиси Абдималик ажы Турсунбеков иш сапары менен Өзгөн районунда  болуп, анда имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйында Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев жана район аймагындагы имамдар катышты.

Иш-чарада Абдималик Турсунбеков мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча керектелүүчү иш кагаздарды түшүндүрүп, имамдардын суроолоруна жооп берди.

«Адамдын паспорту болгондой эле мечиттин да паспорту болуусу кажет. Паспорту болгон мечитти эч ким зыян да келтире албайт, жаба да албайт жана көчүрө да албайт. Керек болсо СССР убагында да Өзгөн боюнча эки мечит жабылган эмес. Анткени аларды тастыктап турган документи бар эле», — деди Абдималик Турсунбеков.

Эскерте кетсек,  мечитти каттоодон өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери Ош облусунун бардык райондорунда уланмакчы.