Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков мектептерге билим алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү

Бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков Чоң-Алай районунун акаминин орун басары Абдибаид Акматов жана билим берүү бөлүмүнүн жетечиси Пазыл Бактыбаев менен жолукту.

Жолугушууда дин кызматкерлери менен билим берүү мекемесинин кызматташуу маселеси каралды. Натыйжада, район аймагындагы мектептерде окуучуларды адеп-ахлакка, ыйманга чакырган тарбиялык сааттарды өткөрүү боюнча макулдашылды.

«Биз мындан мурун да мектеп окуучуларына бир канча тарбиялык сааттарды өтүп келген элек. Алдыда ата-эне менен мугалимди урматтоо, мүлккө болгон мамиле жана илим алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүү иштерин жүргүзмөкчүбүз», — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.