Манас районунда окуучуларга зомбулукту алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кечээ, 31-октябрда Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Мирдалал ажы Дадабаев Кыргызстан айыл өкмөтүнүн Цыренин орто мектебинин окуучуларына зомбулукту жана суидцидди алдын алуу боюнча боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чара жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары тарабынан уюштурулуп, жолугушууга мектеп окуучулары жана ата-энелер катышып, өз ой пикирлерин билдиришти.

Баш имам хатиб Мирдалал ажы Дадабаев ислам дини зордук-зомбулукка жана өзүнүн өмүрүнө кол салуу тыюу салынган чоң күнөө болоорун баса белгиледи.

“Адамдын урксаты жок анын акчасын же буюмун албаш керек. Тилеке каршы кээде бизин жаштар бири-биринин акчасын опузалап, аны шылдыңдап алып койгон учурлар көп кездешип жатат. Ошондуктан жаштар жаштайынан эмгекчилдикке, адал ырыскы менен жашоого көндүрүшүбүз зарыл»,-деди Мирдалал ажы Дадабаев

Ал эми мектеп жетекчилиги миндай түшүндүрүү иштери байма-бай болуп турса жаш өспүрүмдөргө жакшы таасирин берээрин билдирип, конокторго ыраазычылыгын айтты.