«Канча тил билсең, ошончо дил билесиң»

Кечээ, 31-октябрда Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата “Умму Мухаммад” медресесинде “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” аттуу иш-чара уюштурулду. Ага ДИМК ТАБнын башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Эркайым Маматкеримова,  Казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Абдумалик Якубжанов Вахиджанович жана дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тилчилер катышты.

Кыргыз тилинин кадыр-баркын, анын ыйыктыгын даңазалоо максатында уюштурулган кече ДИМК ТАБ жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Кечеде студенттер, төкмө акындар кыргыздын макал-лакабын, жаңылмачтарын, ырларын көркөм окушса, тилчилер эне тилдин улуулугун баяндаган ойлорун ортого салышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарынын казыяты мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата “Сайида Хадича” медресесинде тил күнүн белгилеген. Андан кийин Ош шаарындагы мечиттердин имамдары үчүн атайын жыйын уюштурган.