Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев «Малайзия ачык эшик күнүнө» аттуу иш-чарага катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Бишкектеги А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканада өткөрүлгөн «Малайзия ачык эшик күнүнө» иш-чарасына катышты

Иш-чара КР президентине караштуу «Ыйман» дин маданиятын өнүктүрүү фондусу тарабынан уюштурулуп, ага маданият өкүлдөрү, атайын Малайзиядан келген коноктор жана дин өкүлдөрү, студенттер катышты.

Малайзиянын маданиятын чагылдырган иш-чарада ал өлкөдөн келген 4 окутуучу жана 16 студент Малайзия мамлекети тууралуу кенен маалымат беришип, дини, кыргызстандык студенттер үчүн билим алуудагы мүмкүнчүлүктөрү, улуттук даамдары жана улуттук кийимдеринин көрөгөзмөсүн сунуштады.

Бул саамалыкта Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев эки мамлекеттин диний чөйрөдө кызматташтыгы тууралуу учкай кеп кылып, мындан ары да эки мамлекет диний, маданий, билим берүү тармагында кызматташтыгы арта берээрин баса белгиледи. Соңунда атайын коноктор менен чогуу көргөзмөгө күбө болду.