Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков казыят кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 1-ноябрда Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында, облус Казысы Алмазбек ажы Сагындыков Казыят кызматкерлерине кезектеги отурумун өткөрүп, Казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана алга жылдыруу туурасында кызматкерлерге тийешелүү тапшырмаларды берди.

Тапшырмага ылайык, ар бир бөлүмгө тиешелүү иш-аракеттер менен таанышып, коомчулук менен иш алып барууну жакшыртуу талабын койду. Мындан сырткары улуттук жана диний баалуулуктар туурасында Каракол шаарынын имамдарына маалымат лекциясын окуп, ар бир улут динин, тилин, маданиятын, улуттук баалуулуктарын билип, үйрөнүп, сактап, кийинки муундарга өткөрүү зарылдыгына кеңири токтолду.

Ошондой эле, жаштарды ата-эне, айлана-чөйрө менен болгон мамилени оңдоого, адеп-ахлактуулукка, ыймандуулукка, мекенди сүйүүгө, улуттук маданиятты үйрөтүп-жеткирүү ар бир имамдын милдети экенине баса белгиледи.