Каракол шаардык хатибиятында имамдардын ишмердүүлүгү каралды

 

Бүгүн, 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык хатибиятында, баш имам хатиб Талант ажы Сабриков шаардык мечиттердин имамдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө Талант ажы мечиттердин тартиби, имамдын милдети, экстремизм жана терроризмге каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, КМДБ жана облустук Казыят тарабынан келген буйруктардын аткарылышы эскертилип, имамдык милдеттин талаптагыдай аткарылуусун эскертти.

Мындан сырткары кышка даярдык, мечиттин тазалыгы толук көзөмөлгө алынуусун эскертүү менен мечиттеги тартип имамдын жоопкерчилигинде экендигин баса белгиледи.