Бишкектин «Алтын Казык» конушунда жаңы намазкана ачылды

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын «Алтын Казык» жаңы конушундагы «Наср» намазканасы колдонууга берилди. Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов жана «Рисала» фондунун өкүлдөрү катышты.

Бул намазкана Кувейт мамлекетинен келген демөөрчүлөрдүн жардамы менен салынды. Жаңы конуштагы элдин ибадат кылуусуна, беш убакыт намаз окуусуна толугу менен ылайыкташтырылган. Ал эми жума намазы бул намазканада окулбайт.

«Алтын казык» жаңы конушу калк жыш жайгашкан аймак экен. Бул жердеги мусулмандардын ибадат кылуусу үчүн атайын намазкана ачылып олтурат. Ылайым бул жерден аалымдар, хафыздар чыккан болсун. Намазкананын өлчөмү кичинекей жана «Калыс Ордодо» жума мечити бар болгондуктан бул жерде беш убакыт намаз гана окулганга уруксат берилди»,-деди Эрназар ажы.