Бишкек шаарындагы «Мусакан Төрө» мечитинин жамааты достук мелдешин өткөрдү

Бишкек шаарындагы «Мусакан Төрө» мечитинин жамаатынын  жана Москва районундагы Беловодск айылындагы медресесинин  ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында достук мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган иш-чаранын уюштуруучусу Муктар каары Асоев билдирди.

Жаштардын жана жалпы эле жамааттын маанайын аз болсо да көтөрүү, сергек жашоого үндөө үчүн уюштурулган бул мелдеш келечете да улантыла бермекчи.

«Албетте бүгүнкү күндө техниканын өнүгүп турган мезгилинде жаштар убактысын пайдалуу өткөрүүгө, аларга туура багыт берүү өтө зарыл болуп турат. Убагында аракеттерди жасап туура багытты бере алсак, бул биздин эң чоң жемишибиз. Ошондуктан мындай иш-чараларды байма-бай уюштурууга аракет жасайбыз»,-деди Муктар каары.