«Ак Бата» жаңы конушундагы «Ат таква» мечитинин документин иретке келтирүү иши башталды

Бишкек шаарында жайгашкан «Ак Бата» жаңы конушундагы «Ат таква» мечитинин документтери толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Табылды ажы Ашырбеков бүгүн, 1-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн айыл өкмөт башчысы менен жолугушуп, мечиттин документ иштерин иретке келтирүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Буюрса жаңы конуштун жалпы документтери менен биргеликте мечитибиздин да документтерин толугу менен бүтурүп алабыз деп жатабыз. Жалпы жамаатыбыз бул жаатта жакшы иштерди жасап баштады»,- деди имам хатиб Табалды Ашырбеков.