Бишкектин Орто Сай айылындагы мечит кеңейтилип, медересеси менен кошо салынууда

Бишкек шаарындагы Орто Сай айылында жайгашкан «Аль Аббас» мечити кайрадан жаңыланып курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мечиттин имам хатиби Бекказы ажы Азыков билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки мечит тар болгондуктан жанында медресеси менен кошо чоң мечит салынып жаткан кези.

«Аллах Таалам насип кылып чоң мечиттүү болгону турабыз. Учурда мечиттин курулуш иши жүрүүдө. Мечитибизден ыйман нуруна сугарылган, такыба адамдар көп чыгышын Аллахтан тилеп кетем», — деди Бекказы ажы.