«Ош» базарынын жанындагы «Абдулла ибн Аббас» мечити кеңейтилет

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан «Абдулла ибн Аббас» мечитине кошумча намаз окула турган жай курула баштады. Бул тууралуу мечиттин наиб имамы Болотбек ажы Кулуев билдирди.

Анын айтымында, мечитке келген кишилердин саны да күн санап артып жаткандыктан, кошумча намаз окула турган жай ачылмакчы. Азыркы маалда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

«Жума күндөрү орун жетпей көйгөйлөр жаралууда. Бир нече жылдан бери демөөрчүлөрдү издеп, мына бул жылы кеңейтип салууга мүмкүнчүлүк болду. Аллах Таалам ар бир салым кошкон кишиге акыретте сообун эселеп берген болсун»,-деди Болот ажы.