Эрназар ажы Асатов: Ар кандай бир мечитте Жума намазы окулушу үчүн шариятта атайын шарттар бар

Мындай пикирин бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов «Калыс Ордо»-2 жаңы конушунда салынып жаткан намазкананын жамааты менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бир жерде жума намазы окулушуна уруксат берилиши үчүн калктын саны, жакын жердеги жума окулган мечиттин аралыгы жана мечиттин салынгандагы чоң кичинелиги эске алынат.

«Бул жерде жаңы имарат бүткорүлсө деле жума намазы окулбайт. Бул намазкана болот. Анткени жакын жерде «Латифа» мечитинде жума окулуп келе жатат. Беш убакыт намазга бул жерге келсеңиздер да Жума күнү «Калыс Ордого» барасыздар»,-деди Эрназар ажы.