Нарын шаарынын баш имам хатиби Нарын мамлекеттик университетинде өткөн «Кыз ала качуу-кылмыш» аталышындагы тегерек столго катышты

Нарын мамлекеттик университетинде «Кыз ала качуу–кылмыш» деген теманын алкагында тегерек стол болуп өтүп, ага облустук, райондук жана шаардык жана аймактык милиция, прокуратура кызматкерлери, мэрия, КР Акыйкатчысынын облустагы өкүлү, НМУнун психология боюнча адиси,  Теңир-Тоо гезитинин журналисти жана Нарын шаарынын баш имам хатиби Талипакунов Алмаз катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө шаардык баш имам хатиб шариятта каралган никенин шарттары, кыздын макулугу туурасында айтып, 18 жашка чыга элек кыздарга имамдар тарабынан нике кыйылбай турганын баса белгиледи. Муну менен катар баш имам хатиб  үй-бүлөдөгү жубайлардын бири-бирине болгон милдеттери, ата-эненин балага берген тарбиясы жана жаштардын турмуш куруусунда ата-эненин жол көрсөтүүсү тууралуу сүйлөдү. Ар бир катышуучу кыз ала качуу тууралуу өз адистиги боюнча жооп берип, кеңири маек курушту.