Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен ордо калаадагы жалгыз бой энеге үй курулууда

Көк-Жар жаңы конушунда  Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен муктаж болгон жалгыз бой эненин үйүн куруу иштери башталды. Курулуш иши элибизден чыккан берешен жигиттердин колдоосу менен башталып, жалпы чыгым 10 миң АКШ долларын түзмөкчү. Ал эми Аль-Хиджама мечитинин жамааты бул ишти колго алып,  бир айдын ичинде ачкычын апанын колуна тапшырууну пландап жатат.

«Ордо калаанын  казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгесин колдоп мечитибиздин жалпы жамааты, айрыкча атын атагысы келбеген мекендештерибиз менен чогу курулуш ишин баштадык. Мындай кайрымдуулук  иштери башка мечит жамааттарында да болушун каалап кетем»,- деди аталган иш-чаранын уюштуруучусу Али каары Маматкулов.