Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев милиция кызматкерлерин майрамдык иш-чарасына катышып, өзүнүн куттуктоосун билдирди

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев кечээ, 1-ноябрда Нарын драма театрында уюштурулган кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын алкагында дубан башчысы Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, ОИИБнин жетекчиси Уланбек Аалиев, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин салтанаттуу маареке менен куттуктап, каалоо тилектерин айтышты.

Ал эми облус казысы дин кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин окшоштук жактары бар экендигин айтып, бул ары татаал, ары жоопкерчиликтүү кызмат экендигин баса белгиледи.

«Сиздер менен биздин кызматыбыз бирдей. Биздин имамдар ар бир жарандын укугун сыйлоого, тынчтыкта, ынтымакта болууга чакырат. Ал эми милиция болсо элдин укугун коргоп, тынчтыкты сактап келет. Өз ишин ак жана так аткарган кызматкер эч качан жерде калбайт, эмгегинин акыбети сөзсүз кайтып келет»,-деди облус казысы

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен коштолуп, жылуу пикирлер жана куттуктоолор айтылды.