Ош шаардык мэриясы уюштурган ишембиликте дин кызматкерлери өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаардык мэриясы тарабынан ишембилик жарыяланып, анын алкагында Ош шаардык мусулмандар казыятынын жалпы эмгек жамааты, мечит имамдары ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликте имамдар  мечиттердин айланасын, жолдордогу таштандыларды, бак дарактардын жалбырактарын тазалашып, тазалык кызматынын атайын таштанды чыгаруучу унаасына жүктөп беришти.

“Ар бир мечиттин имамы багымдат намазынан кийин ишембиликке чыгуусу керектиги боюнча казыят тарабынан маалымат берилген. Бул ишембилик багымдаттан кийин башталып, бешим намазына чейин жүргүзүлдү”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.