Тоң районунун Ак-Өлөң, Коңур-Өлөң айылдарындагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өтүп, кышка даярдык көрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң, Коңур-Өлөң айылдарындагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өтүп, кышка даярдык көрүүдө. Бул туурасында Ак-Өлөң айылынын имамы Замирбек Супаев жана Коңур-Өлөң айылынын имамы Жылкайдар Койчуманов билдирди.

Кышка даярдык иштери айыл жаштарынын жана жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен жүргүзүлүп, учурда Ак-Өлөң айылынын Жармухаммад мечити толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап ашканасы, окуу бөлмөсү менен курулду.

“Бүгүнкү күндө кубанычыбызда чек жок. Анткени мечитибиз жылуу, окуу классыбыз даяр, мечиттин ичиндеги жайнамаз жаңыртылды. Мунун бардыгы мекендештерибиз үчүн жасалды”,-деди Замирбек Супаев .

Ал эми Коңур-Өлөң айылынын жаштары дагы четте калбастан, Каракучкач атындагы мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, айланасын толугу менен курчап коюшкан.

“Буга чейин мечитибиздин айланасы ачык болуп көйгөй жаратып келген болсо, бүгүн толугу менен курчалды. Эми жаз алды менен мечит айланасын көрктөндүрүү, көчөттөрдү отургузуу иштерин баштоону пландап жатабыз”,-деди  Жылкайдар Койчуманов.

Фото: www.turmush.kg