Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушуп, билим берүүнүн сапаты боюнча пикир алышты

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас аймагындагы медресе мүдүрлөрү менен жолугушуп, окуу жайлардын билим берүү сапаты, тарбия жана усулдук колдонмолор, окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында пикир алышты.

Облус казысы диний окуу жайлардын билим берүү сапатын жана таалим тарбия, адеп-ахлак жаатына өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.

«Медресе бул — илим алуу менен бирге адеп-ахлактын очогу.  Коомчулук дайыма диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө көз салып турат. Медресе коомчулукка жакшы үлгү бериши керек»,-деди облус казысы.

Ал эми Талас облусунун Мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Абдусамат уулу  Өмүрзак ажы окуу жайлардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, билим берүү сапатын жакшыртуу жана заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.