Ак-Суу районунун баш имам хатиби Теплоключенка айылындагы окуучуларга “Келгиле адептүүлүк менен келечекке кадам” темасында баяндама жасады

Фото: open.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Теплоключенка айылындагы Мурат Калиев атындагы мектебинде айыл жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп окуучулары менен жолугушуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектептеги талап- тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин камтыган “Келгиле адептүүлүк менен келечекке кадам” темасында баяндама жасады.

Райондун баш имам хатиби бүгүнкү күндөгү жаштарыбыздын тарбиясы, жүрүш-турушу эң олуттуу маселе экендигин айтып, тарбияны үйдөн баштоо зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми катышуучулар билим алуунун артыкчылыгы, окуучуга багыт көрсөтүүдө ата-эненин орду чоң экендигин айтышып, балдарды ары илимдүү, адептүү кылып тарбиялоодо коомчулук дагы өз салымдарын кошушу керектигин бир пикирде айтышты.