Таластагы «Чет тилдер» кыздар медресесиндеги студенттер ашпозчулук кесиби боюнча сынак тапшырышты

Фото: present-dv.ru

Талас облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмү АВЕП фондунун «медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөтүү» долбоорунун алкагында Талас шаарындагы   «Чет тилдер» кыздар медресесиндеги студенттерден ашпозчулук кесиби боюнча сынак алып, сертификат тапшырды.

Иш-чарага  Талас казыятынын окуу бөлүм адиси Абдусамат ажы  Өмүрзак уулу жана АВЕП фондунун «медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөтүү» долбоорунун ишке ашырып жаткан билим борборунун мүдүрү Азамат Абдылдаев, Мууса Шатманов, Нурлан кызы Адина  катышты.

Сынак учурунда катышуучулар бүтүрүүчүлөргө кошумча кесип ар дайым керек болоорун баса белгилешип,  иштерине ийгилик каалоо менен биргеликте сертификаттарды тапшырышты.