Түп районунун баш имам хатиби Фрунзе айылынын жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча пикир алышты

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев иш сапары менен Фрунзе айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Эл менен болгон жолугушууда баш имам хатиб терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапкорчулук  жана жаштардын тарбиясына көңүл буруу жаатында пикир алышты.

«Жыл башында план кабыл алып, анда терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапкерчиликти токтотуу, жаштар менен иштөө сыяктуу бир катар маселелер камтылган. Учурда планда каралган маселелер боюнча иш алып баруудабыз»,-деди баш имам хатиб.