КМДБнын Аппарат жетекчиси Москва шаарында өтүп жаткан «Рухий жана педагогикалык окуулар» аталышындагы эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов Москва шаарында шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун урматына карата өтүп жаткан «Рухий жана педагогикалык окуулар» аталышындагы биринчи эл аралык конференцияга катышууда.

Биринчи ирээт өтүп жаткан  эл аралык конференцияга улуттук биримдикти бекемдөө, экстремизмдин алдын алуу агенттигинин башчысы Булатов Абдулгамид, Орусия Муфтийлер Кеңешинин жана Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Муфтий шейх Равиль Гайнутдин, Өзбекстандагы шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф мечитинин башкы имамы шейх Исмаил Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф жана алыс-жакындан келген дин аалымдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

Эл аралык конференцияда шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун өмүр жолу, китептеринин презентациясы көрсөтүлүүдө. Муну менен катар Ислам дининин баалуулуктары, терс диний агымдардын алдын алуу маселелери каралууда.