Кызыл-Кыянын баш имам хатиби милиция кызматкерлерин майрамдык иш-чарасына катышы

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы  Кожониязов кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.  Иш-чара кызматтык милдетин аткарып жүрүп, каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү жана аларга куран окутуу менен башталды.

Тартип сакчыларын кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери ошондой эле   Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Кожониязов Мукадас ажы  катышып, өзүнүн жакшы тилектерин билдирди.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен коштолуп, ийгилик жараткан кызматкерлер атайын сыйлыктар менен сыйланды