Ак-Талаа райондук хатибияты аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө эт таратты

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук хатибияты жергиликтүү тургун Жусупказы уулу Сулаймандын демөөрчүлүгү менен 30 000 (отуз миң) сомго бир баш уй алып союп, аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө эт таратып берди.

«Негизинен муктаждардын арасынан жалгыз бой карыларга, жетимдерге, 1-2-топтогу майыптырга эт таратылды. Кайрымдуулук кылган агабызга Кудай ыраазы болсун»,- деди Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Жаныбек Жээнбеков.