Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров «Кыш-Абад» атындагы мечиттин курулуш иши таанышты

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык аймагында «Кыш-Абад» атындагы мечит кайрадан жаңыланып курула баштады. Мечиттин курулуш иши менен жеринен Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысы Туйбаев Таалайбек жана мечит имамы кабар алып, андагы имараттын абалы менен таанышты.

 «Мечит 500 орундуу болуп, Отуз-Адыр айылдык аймагындагы эң эле чоң мечиттердин бири болмокчу. Кыргыз элин ыйманга, ынтымакка жана биримдикке чакырган куттуу, берекелүү мечиттерден болсун. Биз мындан ары да жаңы мечиттерди курууну пландап жатабыз», — деди баш имам хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Ал эми мечит имамы Абдымалик Насырдынович болсо аталган мечиттин эскилиги жетип, ушул жылы жаңыланып жатканына кубанганын жашырбады.

Эскерте кетсек, аталган мечит Кувейт мамлекетинин демөөрчүлүгү тарабынан жаңыланууда.