Асылбаш айылынын тургандары айылга кирчү жолду түздөштү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш айылынын имамы Нурдин Мамыткуловдун демилгеси менен, Асылбаш айылына караштуу Жаңы-Турмуш аймагына кирчү жолго шагыл төгүлүп, жолду түздөө иши жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара ашар жолу менен болуп, жергиликтүү жамаат кызмат кылышты.

«Жаан-чачым болгон учурда жолубуз абдан ылай болуп, жөө басууга мүмкүн эмес болуп калчу. Аллах Тааламдын буйругу менен, кайрымдуу бордошторубуздун жардамы аркылуу жолубузду бир аз болсо да түздөп алдык», — деди айыл имамы Нурдин Мамыткулов.