Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-коргон айыл аймагынын китепканасына зыярат кылып, Курандын кыргызча котормосун тапшырды

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-коргон айыл аймагынын китепканасына зыярат кылып, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында өздүк китеп канасынан Курандын кыргызча котормосунан бир топ нускасын жана дин таануу жаатында китептерди белек кылды.

Китептерди тапшыруу учурунда баш имам хатиб айыл тургундары жана мектеп окуучулары Куран жана ислам боюнча кеңири маалымат алганда гана диний сабатсыздыгы жоюларын кошумчалады.

Ал эми китепкананын жетекчилиги Манас районунун баш имам хатибине терең ыраазычылыктарын билдиришип, китептер максаттуу пайдаланаарын билдиришти.