«Равза» медресесинин окуучулары «ширетүүчү» кесибине ээ болушту

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинде билим алган 15 окуучуга «ширетүүчү» деген сертификаттар берилди.

Кошумча кесип үйрөткөн курстар «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында «АВЕП» фонду тарабынан каржыланып, окуучуларды кесипке окуткан шаймандар менен керектүү жабдыктарды алып берүү менен биргеликте ишке ашып келет. Бул тууралу «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров билдирди.

Анын айтымында, «ширетүүчү» деген сертификат жалпысынан 31 окуучуга тапшырылды. Алардын ичинен 15 окуучу «Равза» медресесинин окуучулары, калгандары болчо айыл тургундары.

Эске сала кетсек, өткөн жылы «Равза» медресесинде таалым-тарбия алган 21 окуучу кыз «тикмечи» деген сертификатка ээ болушкан.