Ош шаарынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жума окулуучу мечиттердин абалы менен таанышты

Ош шаарынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жума окулуучу мечиттерде шарт кандай деңгээлде түзүлгөндүгүн жеринде таанышып чыкты.

Алгач “Нур-Булак” мечитине барып, анын имамы Ибайдулла Арипов менен жолугушуунун алкагында мечиттин шарттары менен таанышты.

Анда мечиттин тазалыгы, видео көзөмөлдүн жакшы иштөөсү жана кышкы даярдыгы жана башка шарттары жума окуу үчүн мүмкүнчүлүккө ээ экендигин билдирди.