Кадамжайдагы Имам Азам медересесинин мугалимдерине жатакана курулууда

Баткен облусундагы Кадамжай районундагы  Имам-Азам медресесине  элдин  демөөрчүлүгү менен  мугалимдерге жаткана анын ичинде кароолкана, мейманкана курулууда. Бул тууралуу окуу жайдын мүдүрү Исмаил  Сайназаров билдирди.

“Мечиттин курулуш иштеринин көпчүлүк бөлүгү аяктап калды. Учурда имараттын үстүн жабуу иштери жүрүп жатат. Курулуш бүтсө мугалимдер жана медресе үчүн эң жакшы шарт болуп, бир көйгөй чечилет”,- деди Исмаил  Сайназаров.