Нарын казыятында облустагы баш имам хатибдерге арналган 3 күндүк окуу семинар уюштурулду

Нарын казыятында райондук баш имам хатибдерге 3 күндүк семинар уюштурулду. Семинарга Ак-Талаа районунун баш имамы Жээнбеков Жаныбек, Ат-Башы районунун баш имамы Тахиров Абдулло, Кочкор районунун баш имамы Арзымкожоев Жеңишбек, Нарын районунун баш имамы Орозалиев Кумарбек, Жумгал районунун баш имамы Сейталиев Рустам, Нарын шаарынын баш имам Талипакунов Алмаз жана башка Нарын шаарындагы имамдар катышты.

3 күнгө созулган иш-чараны облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев алып барып, баш имамдарга жергиликтүү имамдар менен туура иштешүүнүн жолдору, өзүн психологиялык жана руханий жактан таанып, жана башкалардын да өзүн таанышына жол көрсөтүү, мектептер жана окуучулар менен иштешүүнүн ыкмалары туурасында лекцияларды өттү.

Аны менен катар Нарын казыятынын басма сөз адиси Тойчубек Сагындыков «Канткенде имамдардын кылган иштерин жаңылыкка айланта алабыз?» деген темада лекция өтүп, бет ачаарын кылды. Андан тышкары имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында компьютерди базалык деңгээлде колдонуу туурасында атайын сабак өтүлдү.

Облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев менен бирге семинарга катышкан имамдарга интеллектуалдык оюн уюштурулуп, 5 тайпага бөлүнгөн имамдар шарият, фыкх, мазхабдар, логика жана башка диний эмес предметтерден ат салышып, жарышты. Айрым маселелер талкууга түшүп, кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Эске салсак, Нарын казыяты имамдарга арналган мындай семинарларды жыл сайын уюштуруп келет.