Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев райондук аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуп, коомчулук менен иш алып баруу маселесин талкуулады.

Григорьевка айылынын мечитинде өткөн бул жолугушууга имамдар дагы катышып, өз ишмердүүлүктөрү менен кеңири тааныштырды.

“Аксакалдарыбыз менен болгон жолугушуунун максаты биргелешип иш алып баруу, айылдарды кыдырып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аксакалдарыбыздын насаат сөздөрүн айрыкча жаштар арасында жайылтуу”,-деп баса белгиледи баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев.

Мындан сырткары мечиттерди каттоодон  өткөрүү иши боюнча жасалып жаткан иш-аракеттерден маалымат алынып, жергиликтүү жамаат менен жолугуп, көйгөй суроолорун жакындан угуп, ортодогу ынтымакты бекемдөөгө үндөдү.

Эл менен активдүү иш жүргүзүүнү бекмдөө, учурдун талабы экендигин аксакал аталарыбыз баса белгиледи.