Нарын шаарында «Энелер» медресеси ачылды

Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында Нарын казыятына караштуу «Энелер» медресесинин ачылышы болуп өттү. Ачылыш салтанатка Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, ачылышын жасады.

Жүзгө чукул апалар, эже-карындаштар катышкан бул ачылышта медресенин ички шарттары, пайдалуу жактары, сабак өтүлчү курстар жөнүндө маалыматтар айтылды. Келген апалар тарабынан ыраазычылыктар, каалоо-тилектер айтылып, медресени кыдыруу жана сый тамак уюштурулду.

Нарын шаарындагы энелерди окутуу максатында атайын ачылган бул окуу борборунда  апаларга, эже-карындаштарга 2 айлык Куран курстары уюштурулуп баштаган. Учурда жакшы жыйынтык көрсөткөн 10 эжеге Куран китептер жана белектер тапшырылды.

Энелер медресеси 2 айлык, 4 айлык жана 6 айлык Куран курстарын окутат. Аны менен катар намаз окууну үйрөнүү, ислам негиздери, хадис, бала тарбиялоо тууралуу кошумча билимдерди алышат.

Облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев: “Кыздарды турмушка даярдоо зарыл. Ата-эне жумуштан бошобой кыздарга тарбия берүү солгундап баратат. Кайын атага, кайын энеге, жолдошуна кандай мамиле кылуу керектигин, кайын журт менен кандай алакада болуу керектигин,  баланы кантип тарбиялоо керектигин үйрөтүп, анан турмушка узатуу керек. Антпесе учурда ажырашуулар көбөйүп жатат. Андыктан биз бул жерде мугалим эжелердин жардамы менен кыздарга да атайын турмушка даярдоо курстарын окуталы деп пландап атабыз” — деди облус казысы.

Курс окутулуп бүткөн соң аталган окуу жай тарабынан жыйынтыгында сынак кылынып, окугандыгын тастыктаган сертификат тапшырылды.