Жылдызбек ажы Сатыбалдиев: Ысык-Көлдө жардамга муктаж көп балалуу энеге жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек ажы Сатыбалдиев мечит жамааты менен биргеликте жардамга муктаж, жесир үй-бүлөөгө тамак аш түрүндө жардам көрсөтүштү.

“Садака берүүнүн пайдасы, пазилети туурасында, жакшылык жеткирүүнүн жолдору туурасында өткөрүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы, аз болсо да колубуздан келишинче тамак аш түрүндө жардам көрсөтүп жаткандыгыбыз”,- дейт мечит имамы Жылдызбек Сатывалдиев.

Ушул кайрымдуулук ишине колдон келишинче колдоо көрсөткөн биртуугандарга ыраазычылык айтылып,  дуа кылынды.

Алдыда кайрымдуулук иштери улана беришин айтып, кароосуз калган карыларыбыздын үй-жайларын жылуулап, кышка даярдык аракеттери болушун кошумчалады мечит имамы Жылдызбек Сатывалдиев.