Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев мектеп окуучуларын убакытты туура пайдаланууга чакырды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Түп айылынын М.Кайкин атындагы орто мектебинде окуучулардын ата-энелеринин жыйынына катышты.

Мектеп жетекчилиги, мектеп окуучулары дагы катышкан бул жыйында «Дин жана жашоо», «Убакытты туура пайдалануу», адеп-ахлак жана адептүүлүк туурасында кеңири маалымат берип, өз баяндамасын жасады.

Мындан сырткары, соц.педагогдор, 10-бөлүм кызматкерлери, райондук окуу бөлүм башчы Талант Алиев катышып, жаш муундун ыймандуу, адептүү, билимдүү болушу зарыл экендиги айтышып, балдардын укугу туурасында кеп козгоду.