Баткен шаарындагы медресе студенттерине мамлекеттеги диний саясат тууралуу маалымат берилди

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү Шүкүр Шерматов, Айбек Илимов, Алмаз  Курбаналиев жана Чагылган Юсупов Баткен шаарындагы «Муаз Ибн Жабал » медресесинин студенттери менен жолугушуп, салттуу ислам жана экстремизмдин алдын алуу боюнча атайын маалымат беришти. Бул тууралуу медресенин окутуучусу Сулайман Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда Исламды динин асыл баалуулуктары тууралуу сөз болуп, аны элге туура жана так жеткирүү керектиги баса белгиленди.

Иш-чара суроо-жооп форматында коштолуп, студентерди  кызыктырган суроолоруна адистерден жоопторун алышты.