Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев 100 орунду тигүүчү цехтин салтанаттуу ачылыш аземине катышты

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда турмуш шарты начар болгон жарандарга үй курулуп, айрымдарына ар тараптуу жардам берилди жана жүз орундуу тигүүчү цехтин ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу аземге ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, райондун акими Пиримберди Дыйканов жана жергиликтүү бийлик өкүлөрү катышты.

Иш-чарада ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иш аракеттерине ыраазычылык билдирүү менен бирге, мындан ары да өнүгүү жолундагы иш аркеттердин уланаарына ишеним көрсөттү.

Ал эми облус казысы Самидин каары Атабаев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өнүгүүлөр болуп жатканын белгилеп, ачылып жаткан цехтин дагы өнүгүүнүн бир далили болоорун кошумчалады. Ошондой эле облус казысы элди ынтымакка, биримдикке жана сооптуу иштерде жасоого чакырды.