Жаштарды мектеп учурунан тарбиялоо учурдун талабы

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков баш болгон хатибият жамааты жана мечит имамдары Чоң-Алай районундагы дээрлик бардык мектептерде «Мен мугалимди урматтаймын» аттуу иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлдү. Эрмекбай ажы Ташбеков мындай иш-чаралар жаштардын ыймандуу тарбияланышына өбөлгө болооруна ишеним көрсөттү.

«Келечек жаштардын колунда экени эч күмөнсүз. Мына ошондуктан жаштарды мектеп учурунан тарбиялоо учурдун талабы», — деди райондун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков.