Ноокат районунун баш имам хатиби Мазаффар ажы Турдубаев баш болгон хатибият жамааты ишембиликке чыгышты

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Мазаффар ажы Турдубаев баш болгон хатибият жамааты жана мечит имамдары тазалык кылууда. Аталган иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлдү.

«Ислам дини аруу тазалыктын дини болгондуктан, элди тазалык кылууга жана таза болууга үндөйт.  Бекеринен Пайгамбарыбыз (с.а.в) тазалык Исламдын жарымы деп айтпаса керек. Мусулман бир тууганыңа жылмаюуңда канча садаканын сообу болсо, жолдо жаткан таш, сөөк сыяктуу зыяндуу нерселерди алып коюу да ошончо сасдака бар», — деди Мазаффар ажы Турдубаев.