Базар-Коргон райондук хатибияты 50 жетим баланын үй-бүлөсүнө зекет таратты

Бүгүн, 5-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибиятынынын борбордук мечитинде  атын атагысы келбеген жергиликтүү кайрымдуу инсан тарабынан элүүдөн  ашык атасыз калган жетим балдарга зекет акчасын таратты.

Кайрымдуулук кылган жараныбыз жетим жесирлерге жардам берүү колунан келген жарандарга  милдетүү экенинин баса белгилеп, райондун баш имам хатиби  Тынчтыкбек ажы Шаиков зекет берген инсанга терең ыраазычылын билдирди.

Ошондой эле атасыз калган балдардын апаларына жана балдарга шүгүр кылууга чыкырып келген кыйынчылыктарга сабыр кылууга үндөп кетти. Зекет алган бир тууган жарандар да ыраазы болушуп өз баталарын беришти