Сузакта жергиликтүү айылдын жаштары элге көпүрө куруп беришти

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Кокон маала айылында жайгашкан “Таваккал ата” мечитинин имамы Айталиев Жамалдин ажынын демилгеси менен айылда социалдык маселелер чечилип, жаңы көпүрө курулду.

Мындай иштер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткүрүлүп, жергиликтүү жаштардын көмөгү менен айыл ичиндеги жолго 1 чакырым асфальт төшөлүп, бир көпүрө куруп беришти.

Ошондой эле “Таваккал ата” мечитинин эскилиги жеткен дааратканасы толугу менен бузулуп ордуна заманбап шарттагы жаны даараткана курулду.