Ош шаарындагы “Аль-Имроон” мечити кеңейтилет

Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкери Абдулазиз ажы Абдурахманов Ак-Буура чыгыш хатибиятына  караштуу “Аль-Имроон” мечитинин азыркы абалы менен таанышып кайтты.

Жамаат менен жолугушууда мечиттин аянтын кеңейтүү, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, ага тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана мечиттин курулушуна сарпталуучу каражатка демөөрчүлөрдү табуу боюнча өз сунуштарын айтты.

Мечит оорукананын аймагында жайгашкандыктан бейтаптар жана оорукананын кызматкерлери келип ибадат кылшат. Мындан улам мечиттин тазалыгына көңүл буруу учур талабы.

“Мурда мечиттин абалы начар болчу. Азыркы учурга чейин оңдоп-түзөөгө канча аракет жумшабайлы ушул абалга алып келдик. Кудай буйурса дагы да жакшыртууга аракет кылабыз”,- деди мечиттин имамы Алтынбек Туйчиев