Талас облусунун казыяты укук коргоо органынын 3 кызматкерине ыраазычылык баракчасын тапшырды

Талас шаарындагы К. Медетбеков адындагы Талас облустук музыкалык драм театрында кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү. Бул саамалыкка Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана иш башкармалыгынын адиси Медер ажы Сагынбаев да катышты.

Иш-чарада Талас облустук мусулмандар казыяты, облус ичинде калкты, өзгөчө жаштарды адеп-ахлакка жана мекенди сүйүүгө чакырууда, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө казыят менен биргеликте бекем кызматташкандыгы үчүн Талас облусунун ИИБнун экстремизм мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлерине ыраазычылык барактарын тапшырды.

Ыраазычылык барагын тапшыруу учурунда Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков милициянын коомдогу орду жана өз ишин так аткарууда жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.